Кулеба : Россияга каршы убада жана аракетте биримдик түзүлдү

Кулеба Польша Эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган "Стратегиялык кеме" конференциясына видеоконференция аркылуу байланышты.

1988431
Кулеба : Россияга каршы убада жана аракетте биримдик түзүлдү

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Крымдын 2014-жылы Россия тарабынан мыйзамсыз аннексияланганын жана ал кезде «бирдиктин» түзүлө албагандыгын билдирди.

"Учурда болуп жаткан согуш менен 2014-жылдын ортосунда айырма бар. Ал кезде биримдик сөз жүзүндө болчу, ошондуктан Россия ийгиликтүү болду. Азыр биримдик бар",- деди.

Кулеба Польша Эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган "Стратегиялык кеме" конференциясына видеоконференция аркылуу байланышты.

Биримдик болмоюнча Россияга каршы согушта жеңишке жетпесин баса белгилеген Кулеба, Украинанын алгач Россияны өз шарттары менен жеңүүсү керектигин айтты.

Крымдын мыйзамсыз аннексияланышынан кийин Россиянын согушту улантуу каалоосунун пайда болгондугун айткан Кулеба : "Орусия бир нече жылдардан кийин масштабдуу чабуул  баштап, аны бүт Украинага жайылтууга аракет кылды. Ынтымак болбосо баары башкача болмок. Былтыртан бери биримдик түзүлүп, баарыбыз жалпы душмандын айланасына бириктик. Ушундай жол менен биз душманды жеңе алабыз жана ошондуктан биримдикти коргоо абдан маанилүү»,- деди. 

Батыштын Россияга каршы санкцияларын улантуусу жана жаңы санкциялар боюнча биримдик болушу керектигин баса белгилеген Кулеба : «Украина НАТОго мүчөлүк кыймыл планын эмес, конкреттүү бир алгоритмди күтүп жатат»,-деди. 



Тектеш кабарлар