Путин : "Бул жылы 55 - 60 миллион тонна дан экспорттойбуз"
Путин орус айыл чарба тармагынын жетекчилери менен борбор шаар Москвада жолугушкан жыйында өткөн жылы өлкөсүндө рекорддук түшүм алынганын айтты.
Россиянын президенти Владимир Путин санкцияларга карабастан өткөн жылы 41,6 миллиард долларлык айыл чарба продукциясын экспорттогондорун айып : "Быйыл дан экспортубуз 55-60 миллион тоннанын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз",- деди.
Путин орус айыл чарба тармагынын жетекчилери менен борбор шаар Москвада жолугушкан жыйында өткөн жылы өлкөсүндө рекорддук түшүм алынганын айтты.
2022-жылы жалпысынан 158 миллион тонна дан жыйналганына көңүл бурган Путин : "Бул биздин заманбап тарыхыбызда биринчи жолу түшүм жыйноо деңгээли",- деди.
Санкцияларга карабастан өлкөсүнүн дан экспортун улантып жаткандыгын айткан Путин : «Тышкы соодадагы тоскоолдуктарга карабастан,Россия өткөн жылы айыл чарба продукциясын экспорттоону 41,6 миллиард долларга жеткирди. Быйыл дан экспортубуз 55-60 миллион тоннанын тегерегинде болорун күтүп жатабыз»,- деди.
Дүйнөлүк дан рыногундагы 19 пайыздык үлүш менен Россия дүйнөдөгү эң ири дан экспорттоочусу.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.