Моча бороонунан каза болгондордун саны 400дөн ашты

Мьянманын Аракан штатында болгон Моча бороонунан каза болгондордун саны 400дөн ашты.

1987686
Моча бороонунан каза болгондордун саны 400дөн ашты

Мьянманын Аракан штатында болгон Моча бороонунан каза болгондордун саны 400дөн ашты.

Аракан Рохинжа Улуттук Уюмунун (ARNO) билдирүүсүндө, Моча бороонунун 14-майда рохинжа качкындарын кабыл алган Бангладештин жээктеги Кокс-Базар шаары менен Мьянманын Аракан аймагынын Кяукпю аймагын каптаганы эске салынды.

Башкы кеңсеси Британиянын борбор шаары Лондондо болгон ARNO агенттигинин билдирүүсүндө бороондо Араканда көбү мусулмандардан турган кеминде 400 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Араканда 10 миңден ашуун үйдүн зыян тарткандыгы тууралуу маалымат орун алды.

Ошол эле учурда АКШнын Даккадагы элчиси Питер Хаас АКШнын бороон-чапкындан эң көп жабыркаган аракандык качкындар жана Бангладештин кээ бир аймактарындагы чукул абалдар үчүн 250 миң доллар бөлгөнүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Миграция уюму (IOM) Бангладештеги аракандык  качкындар лагерлеринин жардамга  муктаж экендигин, "Моча" бороонунан жапа чеккенин жана керектүү каржыны камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин билдирди.

Эл аралык Миграция уюму IOM Бангладеш миссиясынын башчысынын орун басары Нихан Эрдоган, бороон кийинки чыгымды аныктоо иштеринин уланып жатканын жана IOM он миңдеген кишинин бул табигый кырсыктан жапа чеккенин ырастады.

 



Тектеш кабарлар