Британияда эки адам куш тумоосуна чалдыкты

Билдирүүдө ооруга чалдыккан жумушчулардын алдын алуу максатында көзөмөлгө алынганы маалымдалды.

1987463
Британияда эки адам куш тумоосуна чалдыкты

Британияда канаттуулар фермасында иштеген эки адамда куш тумоосунун вирусу аныкталды.

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу агенттигинин (UKHSA) билдирүүсүндө, канаттуулар фермасында иштеген эки кишинин куш тумоо тесттинин оң чыкканы, бирок адамдан адамга жугуунун белгиси жок экени айтылды.

Билдирүүдө ооруга чалдыккан жумушчулардын алдын алуу максатында көзөмөлгө алынганы маалымдалды. 

UKHSAнын башкы медициналык кеңешчиси профессор Сюзан Хопкинс: «Учурдагы көрсөткүчтөр, дүйнөнүн төрт тарабындагы канаттуулардын арасында жүргөн куш тумоосу вирустарынын адамдарга оңой жайылбаганын көрсөтүп турат. Бирок вирус ылаңдаган канаттуулар менен тыгыз байланышта болгондон кийин адамдарга жугушу мүмкүн экенин билебиз. Ошондуктан, ушул сыяктуу скрининг программалары аркылуу биз вируска кабылган адамдарды алардын ооруга чалдыгуу коркунучу жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн байкоо салып жатабыз»,-деди.

2022-жылдын январында Британияда канаттуулардан адамга куш тумоосу жуккан учур аныкталганы айтылган.

Октябрь айында болсо жапайы канаттууларда жана коммерциялык жайларда куш тумоосунун учурлары көбөйгөндөн кийин коркунучту азайтуу үчүн өлкө боюнча «Канаттуулардын тумоосунун алдын алуу аймагы» жарыяланган.



Тектеш кабарлар