Ливияда Башага кызматын орун басарына өткөрүп берди
Тобруктагы Өкүлдөр парламенти тарабынан 2022 - жылы февраль айында премьер - министр болуп шайланган Фетхи Башага кызматын орун басарына өткөрүп берди.
Ливияда 2021 - жылы 24 - декабрда президенттик жана парламенттик шайлоонун өткөрүлбөшүнөн улам Тобруктагы Өкүлдөр парламенти тарабынан 2022 - жылы февраль айында премьер - министр болуп шайланган Фетхи Башага кызматын орун басарына өткөрүп берди.
Башага өлкөнүн чыгышындагы Тобрукта Өкүлдөр парламентинин төрагасына кайрылып жазган арызында : "Ливиянын вице - премьер - министри Али Фараж ел - Катраниге бардык милдет жана жоопкерчилигибизди өткөрүп бергендигибизди билдирем",- деп билдирди.
Ливиянын чыгышындагы куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин көзөмөлүндөгү аймактарда 2022 - жылдын февраль айынан бери иштеп жаткан Башага өкмөтү Түркия жана эл аралык арена тарабынан таанылган эмес.
Башага Ливия Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн премьер - министри Файиз ес - Серраж мезгилинде ички иштер министрлиги кызматын аткарган.
Акыркы бир жумадан бери, өзгөчө Ливиянын чыгышында, Башаганын коррупциялык айыптоолордон улам кызматтан алынаары же кызматтан кете турганы сөз болуп жаткан.