Адамдын ДНКсын таман изинен же деминен аныктоого болот

Изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Ecology & Evolution илимий журналында жарыяланды.

1987030
Адамдын ДНКсын таман изинен же деминен аныктоого болот

Дезоксирибо-нуклеин кислотасынын (ДНК) үлгүлөрүн адамдын жуунуучу суусунан, абадагы деминен, жада калса пляждагы изинен да чогултууга боло тургандыгы аныкталды.

Америка Кошмо Штаттарынын Флорида университетинин изилдөөчүлөр тобу, адамдын ДНКсы тууралуу маалыматтарды эми жээкте калган издерден, бөлмөдө дем алган абадан же океанда сүзүп жүргөндө калган шилекей сымал калдыктардан аныктоого болоорун көрсөткөн ачылыш жасашты.

Жыйынтыктары Nature Ecology & Evolution илимий журналында жарыяланган изилдөөдө илимпоздор, тукуму азайып бара жаткан деңиз таш бакаларын изилдөө үчүн кумдагы ДНК үлгүлөрүн чогултуп жатканда, табылгалардын абдан сапаттуу жана ал аймакта жашаган калктын генетикалык ата-тегин аныктоого болорун билдиришти.

Изилдөөнүн алкагында 6 адам иштеген 280 чарчы метрлик мал клиникасынан алынган аба үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн иликтөөдө, жумушчу персоналдын жана жаныбарлардын ДНКларын аныктап дал келтирүүгө мүмкүн экени байкалды.

Изилдөө отчетунда: «Айлана-чөйрөгө шилекейибиз, терибиз жана каныбыз аркылуу жайылган адамдын ДНКсы дайынсыз жоголгон адамдарды табууга жана кылмыштарды ачуу үчүн соттук-медициналык иликтөөлөргө, археологиялык маанидеги жерлерди аныктоого жана саркынды суулардагы ДНК издери аркылуу ден соолукту көзөмөлдөөгө жардам берет»,-деп айтылды.

Ал арада отчетто ошол эле ыкмалардын "купуялыктын бузулушу, жайгашкан жерине көз салуу, маалыматтарды чогултуу, инсандардын же популяциялардын генетикалык байкоосу" сыяктуу зыяндуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетет деген коркунучка да көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар