Зеленский: «Өлкөбүздүн мыйзамдуу жерлерин сактап калууга аракет кылуудабыз»

Германиянын борбор шаары Берлинге барган Зеленскийди Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Schloss Bellevue Президенттик сарайында жолугушкандан кийин премьер-министр Олаф Шольц премьер-министрликтин алдында аскердик азем менен тосуп алды.

1986342
Зеленский: «Өлкөбүздүн мыйзамдуу жерлерин сактап калууга аракет кылуудабыз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус жерлерине кол салбаганын, бирок өлкөсүнүн мыйзамдуу жерлерин сактап калууга аракет кылып жатышканын айтты.

Германиянын борбор шаары Берлинге барган Зеленскийди Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Schloss Bellevue Президенттик сарайында жолугушкандан кийин премьер-министр Олаф Шольц премьер-министрликтин алдында аскердик азем менен тосуп алды.

Делегациялар ортосундагы сүйлөшүүдөн кийин Шольц менен Зеленский биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Украина Орусиянын аймагына чабуул коёбу деген суроого Зеленкий жооп берип:«Биз Орусиянын жерине кол салган жокпуз. Биз мыйзамдуу жерлерибизди коргоп жатабыз. Буга биздин убактыбыз да, күчүбүз да жетпейт», - деди.

Зеленский өлкөсүн оккупацияланган аймактарды кайтарып алуу үчүн контрчабуулга даярдап жатканын айтты.

Согуштук учактардын коалициясын түзүү үчүн иштеп жатышканын баса белгилеген Зеленский, бул иш сапары менен барган Европа өлкөлөрүнө болгон сапарларында сүйлөшүлгөнүн жана немис кесиптештерин бул жаатта колдоо көрсөтүүгө чакыра турганын билдирди.

Украинанын бул маселени координациялоосу маанилүү экенин белгилеген Зеленский, Орусиянын учурда аба мейкиндигинде артыкчылыкка ээ экенин жана муну өзгөрткүсү келгенин баса белгиледи.

Германиянын канцлери Олаф Шольц да Украинаны гуманитардык жактан гана эмес, саясий, каржылык жана курал-жарак менен да колдоорун билдирип: «Керек болсо, биз сени колдойбуз»,-деп айтты.

Зеленскийге жана украин элине бүгүн Аахен шаарында Эл аралык Улуу Карл сыйлыгы ыйгарыла турганын белгилеген Шольц Аахенге Зеленский менен уча турганы тууралуу маалыматты бөлүштү



Тектеш кабарлар