Мьянмадагы "Моча" бороону...

Мьянманын Аракан провинциясынын борбору Ситведеги Аракан жаштары кайрымдуулук коомунун билдирүүсүндө, аймактын тургундарынын суу каптоо коркунучуна каршы көп кабаттуу үйлөргө баш калкалаганы, 700дөн ашуун кишинин жараланганы белгиленди.

1986555
Мьянмадагы "Моча" бороону...

Мьянмага таасир эткен Моча бороонунан улам келип чыккан сел жана катуу шамалдан улам 5 киши каза болуп, 700дөн ашуун киши жаракат алды.

Мьянманын Аракан провинциясынын борбору Ситведеги Аракан жаштары кайрымдуулук коомунун билдирүүсүндө, аймактын тургундарынын суу каптоо коркунучуна каршы көп кабаттуу үйлөргө баш калкалаганы, 700дөн ашуун кишинин жараланганы белгиленди.

Жергиликтүү басма сөздө орун алган кабарда ылдамдыгы саатына 209 километрге жеткен бороон-чапкындын издөө-куткаруу иштеринде 5 кишинин жансыз денесине жеткени кабарланды.

Мьянмадагы аскерий администрация өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, катуу шамалдын имараттарды жана электр зымдарын зыянга учуратканы, кээ бир имараттардын чатырларынын учуп кеткени белгиленди.

Нөшөрлөгөн жамгыр жана селге себеп болгон 5-категория деп белгиленген Моча бороонунан улам өлкөнүн батыш жээгиндеги Аракан провинциясында өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар