Норвегия Арктика Кеңешинин кезектеги төрагалыгын Орусиядан өткөрүп алды

Арктика Кеңеши Орусия Батыш мамлекеттери менен бир үстөлгө отурган саналуу эл аралык платформалардын бири болуп саналат.

1985713
Норвегия Арктика Кеңешинин кезектеги төрагалыгын Орусиядан өткөрүп алды

Норвегия Түндүк Уюл аймагындагы көйгөйлөргө көңүл бурган Арктика Кеңешинин кезектеги төрагалыгын Орусиядан өткөрүп алды.

Арктика Кеңешинин төрагалыгын Норвегияга өткөрүп берүү мурунку аземдерден айырмаланып онлайн режиминде тышкы иштер министрлеринин эмес, жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдүн катышуусунда өттү.

Украина согушунан улам Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга болгон мамилеси 8 өлкөнүн Арктика Кеңешинин чатыры астындагы кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратты.

Кеңеш Орусия төрагалык кызматты аркалаган эки жыл ичинде 1996-жылы түзүлгөндөн берки эң чоң экзистенциалдык кризисти баштан кечирди.

Канада, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия, Швеция жана АКШ 2022-жылдын мартында Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өкмөттөр аралык орган болгон Арктика Кеңешине катышуусун токтоткон.

Ушул себептен батыштык мүчө мамлекеттер Орусия тарабынан өткөрүлүшү пландалган жыйындарга өкүлдөрүн жиберген жок.

Тараптардын Украина кризисине карата мамилесинен улам Арктика Кеңешинин климаттын өзгөрүшү, ак аюулардын картасын түзүү сыяктуу бир катар изилдөөлөр токтоп, Орусия изилдөөчүлөр үчүн маалымат булагы болгон өзүнүн объектилерине кирүүгө бөгөт койгон.

Арктика Кеңеши Орусия Батыш мамлекеттери менен бир үстөлгө отурган саналуу эл аралык платформалардын бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар