Россияда Google компаниясына акчалай айып салынды

Буга чейин да Google 2021-жылы 7,2 миллион рубль айыпка жыгылган.

1985382
Россияда Google компаниясына акчалай  айып салынды

Россияда Google компаниясына 3 миллион рубль айып салынды.

Россиянын маалымат технологиялары жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө боюнча федералдык агенттигинин (Роскомнадзор) Google компаниясына каршы доо арызы борбор шаар Москвадагы сотто каралды.

Сот, Ютубда ЛГБТ пропагандасын камтыган айрым видеолордун өчүрүлбөгөнүн негиз кылып мыйзамдардын сакталбаганын аныктап, Google компаниясына 3 миллион рубль (болжол менен 40 миң доллар) айып пул салды.

Буга чейин да Google ушул сыяктуу себептер менен 2021-жылы 7,2 миллион рубль айыпка жыгылган.



Тектеш кабарлар