Италия жарандарын Украина тууралуу эскертти

Италиянын Киевдеги элчилиги веб сайтынан  жарыялаган билдирүүсүндө Россиянын барган сайын күч алган ракеталык чабуулдарынан улам жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.

1984285

Билдирүүдө : «Украинадагы жарандарга  коменданттык саат күчүнө кире электе поездер жана башка транспорттор менен өлкөдөн чыгып кетиши сунуш кылынат. Украинага саякаттар сунуш кылынбайт»,- деп айтылды.

Италия былтыры Россиянын чабуул башташы менен Украина элчилигинде ашыкча кызматкрелерин чакырган жана  италияндарды Донецк жана Луганск аймактары менен Крымдан алыс болууга чакырды.

Украина дүйшөмбү күнү эрте менен көп сандаган орус учкучсуз учуучу аппараты менен жана ракеталык кол салуу болгондугун билдирип, Киевдин үстүнөн 35 камикадзе учагынын атып түшүрүлгөндүгүн билдирди. Орус аба күчтөрүнүн бомбалоочу учактарынын Одесса аймагы багытында сегиз ракета аткандыгы маалымдалды.

Запорожье шаары менен бирге  Чернигов жана Днепропетровск аймактарында жарылуулардын болгондугу айтылды.

Тектеш кабарлар