Бельгияда террорчулукка шектелип 7 адам кармалды

Билдирүүдө ДЕАШка караштуу топ менен байланышы бар экени айтылгандардын 4үнүн чечен, 3үнүн бельгиялык экени белгиленди.

1982969
Бельгияда террорчулукка шектелип 7 адам кармалды

Бельгияда террордук кол салууну пландаганы жана террордук уюм ДЕАШка караштуу топ менен байланышы бар экени айтылган 7 киши кармалды.

Бельгиянын Федералдык Прокуратурасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Фламанд аймагындагы Розеларе, Менен, Остенд, Вевелгем жана Гент шаарларында бир нече ирет тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 7 кишинин кармалганы маалымдалды.

Билдирүүдө ДЕАШка караштуу топ менен байланышы бар экени айтылгандардын 4үнүн чечен, 3үнүн бельгиялык экени белгиленди.

Ошондой эле айыптоолордун арасында террордук уюмга кошулуу жана кол салууну пландоо бар.

Бельгиянын Коркунучтарды талдоо боюнча координация агенттиги (OCAM) бул окуядан кийин террордук коркунучтун орточо деңгээлде экенин билдирди.



Тектеш кабарлар