Орус аскерлеринин жоготуусу боюнча АКШдан билдирүү

Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында: «Биз чогулткан чалгындоо жана маалыматтарга караганда, декабрь айынан бери орустар 100 миң жоготууга учурады деп эсептейбиз»,-деди.

1981575
Орус аскерлеринин жоготуусу боюнча АКШдан билдирүү

Декабрь айынан бери Украина менен согушта 20 миңден ашуун орус аскеринин каза тапканы айтылууда.

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында: «Биз чогулткан чалгындоо маалыматтарына караганда, декабрь айынан бери орустар 100 миң жоготууга учурады деп болжолдойбуз»,-деди жана алардын 80 миңи жарадар болуп, 20 миңинин каза тапканын айтты.

Кирби, 20 миң аскерин жоготкон орус бөлүктөрүнүн жарымына жакынынын Орусиянын түрмөлөрүнөн чогултулган мурдагы кылмышкерлер болгон жалданма Вагнер согушкерлери экенин билдирди.   

Орустардын бир айдан бери Донбасс аймагындагы кол салуу аракетинин «көп жагынан ишке ашпай калганын» кабарлаган Кирби, Орусиянын жоготуулары тууралуу маалыматтын АКШнын чалгындоосуна таандык экенин белгилеп, украин тараптын жоготуулары тууралуу маалымат берген жок.

Кирби Украинанын коргонуусунун дагы деле эффективдүү экенин жана "Орусияны эбегейсиз ресурстарды коротууга аргасыз кылганын" айтты.



Тектеш кабарлар