Хинтондон жасалма интеллект эскертүүсү

«New York Times» гезитине берген маегинде Хинтон, жасалма интеллекттеги жетишкендиктердин "коом жана адамзат үчүн терең тобокелдиктерди жаратканын" айтты.

1981600
Хинтондон жасалма интеллект эскертүүсү

Америкалык басылмалар "жасалма интеллекттин атасы" деп сыпатталган компьютер инженери Жеффри Хинтондун жасалма интеллекттин коркунучтары тууралуу айтып берүү үчүн Googleдагы ишин таштаганын жазды.

«New York Times» гезитине берген маегинде Хинтон, жасалма интеллекттеги жетишкендиктердин "коом жана адамзат үчүн терең тобокелдиктерди жаратканын" айтты.

Азыркы учурду беш жыл мурунку менен салыштыргысы келген Хинтон: «Бул айырманы алып, келечекке тараткыла. Бул коркунучтуу»,- деди.

Тажрыйбалуу инженер, технология гиганттарынын ортосундагы атаандаштыктын компанияларды кооптуу ылдамдыкта жаңы AI технологияларын киргизүүгө, бизнести тобокелге салууга жана туура эмес маалыматты жайылтууга түртүп жатканын айтты.

Хинтон: «Жаман актерлордун жасалма интеллектти жаман нерселерге колдонуусуна кантип бөгөт коюуга болорун түшүнүү кыйын»,-деди.

2022-жылы Google жана OpenAI, мурункуга караганда алда канча чоң көлөмдөгү маалыматтарды колдонгон системаларды түзө баштаган.



Тектеш кабарлар