Блинкен Алиев жана Пашинян менен сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтт Миллер Блинкендин Армения жана Азербайжан лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

1981257
Блинкен Алиев жана Пашинян менен сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү талкуулады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтт Миллер Блинкендин Армения жана Азербайжан лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

Миллер эки башка билдирүүсүндө, Блинкендин эки лидерге тең Азербайжан-Армения тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн маанисине басым жасаганын жана АКШнын колдоо убадасын кайталаганын белгиледи.

Алиев менен сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө Миллер: «Блинкен тынчтыктын мүмкүн экенине ишенгенин билдирди. Ошондой эле Лачын коридоруна көзөмөл-өткөрүү пунктунун орнотулушунун тынчтык жараянына ишенимди бекемдөө аракеттерин алсыратып жатканына терең тынчсызданып жатканын баса белгилеп, Лачын коридорун коммерциялык жана жеке унаалар үчүн тез арада ачуунун маанилүүлүгүнө басым жасады»,-деди.

Миллер Пашинян менен сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө болсо: «Блинкен Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн жалгыз жолу түздөн-түз диалог жана дипломатия экенин кайталады. Ошондой эле премьер-министрдин тынчтык жараянына берилгендигин жогору баалады»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар