Пентагон аскердик тик учактардын учууларын токтотту

Өткөн айда  да 2 аскердик тик учактын кагылышусу менен 9 аскер каза болгон.

1980996
Пентагон аскердик тик учактардын учууларын токтотту

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министрлиги (Пентагон) маанилүү миссиялардын тышында  аскердик тик учактардын учууларынын убактылуу токтотулгандыгын билдирди. 

АКШда акыркы мезгилдерде болгон аскердик тик учак кырсыктары оюнча учуулар чектелди. Пентагон негизги миссияларда болбогон бардык аскердик тик учак учкучтарына кошумча билим берүү үчүн кеминде 24 саатка учууга тыюу салды.

Армияда милдетин өтөп жаткан учкучтар  1 - 5 -  май күндөрүнүн арасында кошумча билим алышат. АКШда кечээ 2 аскердик тик учактын кагылышуусу менен 3 аскер каза болду. Өткөн айда  да 2 аскердик тик учактын кагылышусу менен 9 аскер каза болгон. 

 

 



Тектеш кабарлар