Британияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты

Коомдук кызматкерлеринин митингине  негизги оппозициядагы Жумушчу партиясынын депутаты Жон МакДрннел да колдоо көрсөттү.

1980957
Британияда  мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты

Британияда 130 миң кызматкер жана мамлекеттик сектордун кызматкери айлык акылардын көтөрүлүшү, пенсия жана  иш коопсуздугу  тууралуу өкмөт менен уланып жаткан талаш - тартыштардан улам  иш ташташты.

Борбор шаар Лондондо 10 номердеги премьер-министрлик кеңсесинин алдына чогулган жана быйыл үчүнчү жолу иш таштаган Коомдук жана соода кызматтары профсоюзуна  мүчө мамлекеттик кызматкерлер айлык акынын адилеттү көбөйтүлүшүн талап кылган митинг өткөрүштү.

Өлкөдө 10 пайыздан ашкан инфляция шартында өкмөттүн айлык маянаны 2-3 пайызга көтөрүү сунушун четке каккан мамлекеттик  кызматкерлер айлык акыны 10 пайызга көтөрүү, дагы жакшы пенсия жана иш коопсуздугун талап кылышты.

Коомдук кызматкерлеринин митингине  негизги оппозициядагы Жумушчу партиясынын депутаты Жон МакДрннел да колдоо көрсөттү. 

Британияда миңдеген мамлекеттик кызматкер 2022-жылдын ноябрында айлык акыны көтөрүү, пенсияга чыгуу жана эмгек шарттары боюнча пикир келишпестиктен улам иш таштаоо чечимин чыгарышкан.  



Тектеш кабарлар