Кытай: "Шайлоо Түркиянын ички иши, Кытай кийлигишпейт"

Тышкы иштер министри Мао Ниңг, CGTN Американын президент Режеп Таййип Эрдогандын ден соолугуна байланыштуу жалган маалыматтарды камтыган Твиттердеги билдирүүсүнө сереп салды.

1980284
Кытай: "Шайлоо Түркиянын ички иши, Кытай кийлигишпейт"

Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагынын (CGTN) АКШдагы телерадиокомпаниясынын реакция жараткан социалдык медиа билдирүүлөрүнөн кийин Кытай Түркиядагы шайлоонун өлкөнүн ички иши экенин, Кытайдын кийлигишүү ниети жок экенин билдирди.

Тышкы иштер министри Мао Нинг, Пекиндеги кезектеги маалымат жыйынында CGTN Американын президент Режеп Таййип Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу жалган маалыматтарды камтыган Твиттердеги билдирүүсүнө сереп салды.

Anadolu агенттигинин кабарчысынын, телерадио мекемеси тарабынан булагын көрсөтпөстөн жарыялаган билдирүүлөрдүн кийинчерээк өчүрүлгөнүн бирок оңдолбогондугун, маалымат каражаттары жана жеке аккаунттар аркылуу социалдык тармактарга тараганын эске салганы боюнча Мао: «Сиз айтып жаткан окуянын чоо-жайын билбейм. Бирок айтып коеюн: Түркия Кытайдын досу. Кытай ар дайым өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Шайлоо Түркиянын ички иши, Кытай кийлигишпейт»,- деди.

CGTN America кечээ Твиттер баракчасындагы эки билдирүүсүндө, президент Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу жалган маалыматты камтыган мазмунду жарыялаган.

Мекеме кийинчерээк аны өчүрүп Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу буга чейинки маалыматтардын "тастыкталбаганын" билдирген.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу «негизсиз айтымдарды» чечкиндүү түрдө четке кагып, Эрдогандын видеоконференция аркылуу Аккую атомдук электр станциясынын ачылышына катыша турганын маалымдаган.

Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу арасында CGTN да болгон кээ бир аккаунттардагы айтымдардын скриншотторун бөлүшкөн Алтун: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын ден- соолугуна байланыштуу бул негизсиз айтымдарды четке кагабыз»,-деген.

Коммуникация башкармалыгынын жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору да социалдык медиа баракчасынан: «Кээ бир социалдык тармактарда тараган «Президент Эрдогандын жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт»,-деп билдирген.



Тектеш кабарлар