Нигерияда жыл сайын 90 миң адамдын безгектен каза болгондугу болжолдолууда

Министр Эханире  билдирүүсүндө безгектин Нигерияда эң чоң саламаттыкты сактоо  көйгөйлөрүнүн бири болууну улантып жаткандыгын белгиледи.

1979826
Нигерияда жыл сайын 90 миң адамдын безгектен каза болгондугу болжолдолууда

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири болгон Нигерияда жыл сайын 90 миң адамдын безгектен каза болгондугу болжолдолууда.

Нигериянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин туруктуу катчысы Мамман Мамуда саламаттыкты сактоо министри Осагие Эханирдин билдирүүсүн Бүткүл дүйнөлүк безгекке каршы күрөшүү күнүнө карата борбор шаар Абуджада өткөрүлгөн программада окуду.

Министр Эханире  билдирүүсүндө безгектин Нигерияда эң чоң саламаттыкты сактоо  көйгөйлөрүнүн бири болууну улантып жаткандыгын белгиледи.

Эханире өлкөдө жыл сайын болжол менен 55 миллион бейтап жана 90 миңге жакын кишинин безгектен каза болгондугу катталганын айтты.

Безгектин 2022-жылы  Нигерияда экономикага болжолдуу 1,6 миллиард доллар зыян келтиргенин белгилеген Эханире, кам көрүлбөсө бул сандын 2030-жылы 2,8 миллиард долларга чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Эханире өлкөдө безгекти ийгиликтүү көзөмөлгө алуунун өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, ден соолукту чыңдоо, жакырчылыкты азайтуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү жеңилдете турганын айтты.

Мите чиркейлердин чаккан жеринен жугуучу жана орточо 7 күндүк инкубациялык мезгилден кийин пайда болгон безгек; ысытма, чыйрыгуу, тердөө, баш оору, жүрөк айлануу, кусуу, булчуңдардын оорушу, алсыздык сыяктуу сасык тумоого окшош симптомдор менен өзүн көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар