Тунисте мигранттардын жансыз денеси табылды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз катчысы Хусамеддин эл-Жебабли  социалдык медиадан билдирди.

1979366
Тунисте мигранттардын жансыз денеси табылды

Тунисте акыркы 48 саатта жээк аймактарында 58 мыйзамсыз мигранттын жансыз денеси табылды.

Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз катчысы Хусамеддин эл-Жебабли  социалдык медиадан жарыялаган  бул тууралуу  билдирүүсүндө бөгөттөлгөн миграция аракети тууралуу маалымат берди.

Жебабли буларды айтты  : "Жекшемби күнү Сафакс, Каркана жана Мехдиййе шаарларында 39 мыйзамсыз миграция аракети бөгөттөлдү жана  30 адамдын жансыз денеси чыгарылып,  773 адам куткарылды. Дүйшөмбү күнү улуттук коопсуздук бөлүктөрү 12 мыйзамсыз миграция аракетине тоскоол болуп, 469 адам куткарылды жана 28 адамдын жансыз денесин табышты».

Мыйзамсыз мигранттардын Италия жээктерине багыт алгандыгын белгилеген Жебабли : "Куткарылгандардын жана сөөгү табылган кишилердин көпчүлүгү Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнөн.  Ушундайча 51 мыйзамсыз миграция аракетине бөгөт коюлду",- деди.  

Жыл сайын миңдеген африкалык мыйзамсыз мигрант дагы жакшы жашоо үмүтү менен Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага баруу үчүн Туниске барууда. 

 



Тектеш кабарлар