Йеменде жыл сайын 1 миллиондон ашык адам безгек оорусуна чалдыгууда

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) "25-апрель дүйнөлүк безгек менен күрөшүү күнүнө" карата 2022-жылдагы отчетун жарыялады.

1978864
Йеменде жыл сайын 1 миллиондон ашык адам безгек оорусуна чалдыгууда

Йеменде жыл сайын бир миллиондон ашык адамдын безгек оорусуна чалдыкканы билдирилди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) "25-апрель дүйнөлүк безгек менен күрөшүү күнүнө" карата 2022-жылдагы отчетун жарыялады.

Отчетто «Йеменде жыл сайын 1 миллиондон ашык безгек оорусу аныкталат. Өлкөдө 21 миллиондон ашуун адамдын да безгек оорусуна чалдыгуу коркунучу бар аймактарда жашаганы божолдонууда», - деп айтылды.

ДССУнун иш-аракеттерине токтолгон отчетто, уюмдун Йемендин безгектен эң көп жабыркаган 54 аймагында 2022-жылдын ноябрь-декабрь айларында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бул ооруну пайда кылган чиркейлерге каршы дары чачуу иштеринин аткарылгандыгы белгиленди.

Отчетто 2 миллион адамды безгек жана денге ысытмасы сыяктуу чиркейлер аркылуу жугуучу оорулардан коргоо үчүн чачуу иштеринин жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Йеменде жарандык согуш, бейтаптарга жетүүнүн кыйынчылыгы жана чектелүү мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдөн улам безгекке чалдыккандардын саны тууралуу расмий маалымат жок.



Тектеш кабарлар