Нью-Йорктогу ифтар программасына ар түрдүү диндердин өкүлдөрү катышты

Программада баяндамачылар орток баалуулуктарга токтолушту.

1977575
Нью-Йорктогу ифтар программасына ар түрдүү диндердин өкүлдөрү катышты

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйүндө уюштурулган ифтар программасына ар түрдүү диндердин өкүлдөрү чогулду.

Нью-Йорк Башкы консулдугу жана Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулган программада баяндамачылар орток баалуулуктарга токтолушту.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү элчи Седат Өнал Түрк үйү чатырынын астында ар түрдүү ишенимдеги адамдардын чогулуусуна кубанычта экенин айтты.

Нью-Йорк башкы консулу Рейхан Өзгүр да ифтар дасторконунун үч чоң динге ишенгендердин ортосундагы достуктун далили экенин билдирип: «Бул ифтар расизм, ксенофобия, исламофобия жана антисемитизм коркунучуна жооп болуп саналат»,-деди. Ифтар программасында Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын Жогорку өкүлү Мигель Моратинос, Нью-Йорк Равиндик кеңешинин төрагасы Жозеф Эли Вайнсток жана вице-президент Жозеф Потасник, Американын православ архиепискобу Элпидофорос жана имам Шамси Али баш болгон диний лидерлер биримдик жана ынтымакка шилтеме кылып сөз сүйлөштү.

Келген конокторго түрк жана Жер ортолук деңиз ашканасынан жасалган тамактар ​​тартууланды.



Тектеш кабарлар