Суданда ок атышпоого карабастан кагылышуулар улантылууда

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн  ортосундагы кагылышуулар эл аралык коомчулуктун ок атышпоо чакырыгына карабастан уланууда.

1977093
Суданда ок атышпоого карабастан кагылышуулар улантылууда

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн  ортосундагы кагылышуулар эл аралык коомчулуктун ок атышпоо чакырыгына карабастан уланууда.

Борбор шаар  Хартумдагы армиянын башкы штабынын жана президенттик сарайдын айланасынан мылтык үндөрү угулуп, кагылышуу болгон аймактардан коюу түтүн көтөрүлүүдө. Шаар тургундары да шаардан качууга аракет кылып жатышат.

Армиянын басма сөз катчысы Небил Абдуллах мамлекеттик телеканалдан жасаган билдирүүсүндө: "Эл аралык коомчулук 24 сааттык ок ​​атышпоо сунушун киргизди жана Куралдуу күчтөр бул сунушту дароо кабыл алды. Козголоңчу топтор ок атышпоого баш ийбей, жарандарды кысымга алууну улантууда",-  деди.

Абдуллах сөзүн төмөнкүчө улантты : "Козголоңчулардын жарандарга кол салып, талап-тоноо жана уурулук кылышы ок атышпоо келишимин ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатат.  Жарандарыбыздын буларга   дуушар болуп жатканын көрүп, кийлигишипей коюу, унчукпай коюу мүмкүн эмес. Козголоңчулардын маалымат каражаттары биздин ок атышпоого баш ийбегендигибизди айтышууда.   Биз ок атышпоону четке каккан жокпуз, бирок алардын ок атышпоонун талаптарын аткарышын  шарт койдук, бул да болгон жок. Өлкөдө коопсуздукту түзүүнү улантабыз”.

Судандын Борбордук дарыгерлер комитетинен берилген маалыматта да кызмат көрсөтө албай калган ооруканалардын тогузунун бомбалангандыгын, он алтысынын да мажбур түрдө эакуациялангандыгы белгиленди.

Борбор шар жана штаттарындагы 59 негизги оорукананын жыйырмасынын толугу менен же бир бөлүгүнүн иштеп жаткандыгы белгиленген билдирүүдө 5 тез жардамдын, аскердик күчтөрдүн кол салуусуна учурагандыгы, айрым тез жардамдардын да бейтаптарды ташуу жана керектүү буюмдарды алуу үчүн өткөрүлбөй жатканы айтылды.

Ошол эле учурда Европа Биримдигинин Судандагы гуманитардык жардам миссиясынын башчысы Вим Франсенге ок тийип, жарадар болгону кабарланды.

Бельгиянын маалымат каражаттары Суданда жүргөн Бельгиянын жараны Франсендин жекшемби күнү борбор шаар Хартумда жоголуп, шейшембиде жарадар абалда табылганын кабарлашты. Франсендин жаракаты оор болгондугу бирок өмүрүнө коркунуч туудурбаганы айтылды. Европа Биримдигинин  өкүлдөрү коопсуздук максатында Франсендин абалы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Суданга гуманитардык жардам жеткирүү жана жарандар менен жаралууларды эвакуациялоо үчүн жарыяланган 24 сааттык убактылуу ок атышпоо Судан убактысы боюнча кечки саат 18: 00дөн тарта күчүнө кирген.



Тектеш кабарлар