Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом  Гебрейесустун баа берүүсү

Тедрос Адханом  Гебрейесус Экватордук Гвинеяда Марбург вирусун жуктурган жалпы 16 бейтаптын аныкталгандыгын билдирди.

1977089
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом  Гебрейесустун баа берүүсү

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом  Гебрейесус Экватордук Гвинеяда Марбург вирусун жуктурган жалпы 16 бейтаптын аныкталгандыгын билдирди.

Гебрейесус Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун глобалдык саламаттыкты сактоодогу маселелер  күн тартиби боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында баа берди.

Экватордук Гвинеяда ушул убакка чейин 16 Марбург вирусу аныкталганына көңүл бурган Гебрейесус, диагноз коюлган 11 кишинин каза болгонун айтты.

Гебрейесус эпидемия башталган 13-февралдан бери өлкөдөгү ыктымалдуу бейтап саны 23 болуп катталганын, өлкөдөгү эң көп таасирленген аймактын Литорал провинциясындагы Бата шаары экендигин белгиледи.

Гебрейесус : «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун өлкөдө аныкталбаган жугуу чынжыры болушу керек деген негиз менен бардык өнөктөштөрдү сергек болууга  чакырууда»,- деди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун саламаттыкты сактоо министрлигин да вирус менен күрөшүндө колдогондугун айткан Гебрейесус : «Экватордук Гвинеясынын эпидемияга карата кийлигишүүсүндө орчундуу бир учур болуп жатат. Бул эпидемияны токтотуу үчүн өкмөттүн жана бүткүл коомдун күч-аракети керек»,-  деди.

Эболага жакын түр экендиги белгиленген Марбург вирусу биринчи жолу 1967 -  жылы Германиянын Марбург шаарындагы бир лабораторияда аныкталган.

Мөмө жарганаттары аркылуу жуккан Марбург вирусу адамдын организминдеги суюктуктар же оорулуу адамдардын байланышы аркылуу тарайт. Вирус жуккан адамдарда жогорку температура, катуу баш оору, алсыздык, кусуу сыяктуу белгилер күтүлбөгөн жерден ортого чыгууда жана бир нече бейтапта 7 күндө  катуу геморрагиялык симптомдор пайда болууда.

Вакцинасы же атайын дарылоосу жок Марбург вирусунун өлүм көрсөткүчү 23 пайыздан 90 пайызга чейин өзгөрүүдө.



Тектеш кабарлар