Меркелге жогорку кызмат сыйлыгы берилди

Беллевю сарайында өткөн салтанатта президент Франк-Вальтер Штайнмайер Меркелге атайын жасалган Германия Федеративдүү Республикасынын Ардак грамотасынын Чоң Крестин тапшырды.

1976469
Меркелге жогорку кызмат сыйлыгы берилди

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Германиянын эң жогорку кызмат сыйлыгы болгон Ардак грамотасы менен сыйланды.

Беллевю сарайында өткөн салтанатта президент Франк-Вальтер Штайнмайер Меркелге атайын жасалган Германия Федеративдүү Республикасынын Ардак грамотасынын Чоң Крестин тапшырды.

Президент Штайнмайер бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ангела Меркелге берилген Улуу Кресттин «өзгөчө версиясынын» өзгөчө жасалга экенин белгилеп : "Бул медаль акыркы жолу 25 жыл мурун Гельмут Кольго өлкөбүздүн биримдигине кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Бүгүн мен Ангела Меркелди сыйлап жатканыма кубанычтамын. Урматтуу канцлер узун мөөнөтүү кызматыңыз жана демократияны күчтөндүрүү үчүн ынандыруучулук менен пайдаланган өзгөчө саясий турмушуңуз үчүн сизге урматымды билдиргим келет. Өлкөбүздүн кыйынчылык астында жаңы экономикалык ийгиликтерге жетишине салым коштуңуз",- деди. 

 

Меркелдин күтүлбөгөн кырдаалдардан кантип чыгуу керектигин билгенин баса белгилеген Штайнмайер : "(Берлин) Дубал кулаганда 35 жашта элеңиз. Дубал кулагандан 16 жыл өткөндөн кийин канцлерлик кызматка шайланган биринчи Чыгыш Германия жараны жана биринчи аял болдуңуз",- деди.  

Меркелдин үч жөндөмүнө көңүл бурган Штайнмайер булардын чындыктар  тууралуу  өжөрлүгү, сүйлөшүү чеберчилиги жана макулдашуу  жөндөмү жана мамлекеттин эң негизги принциптерин коргоодогу чечкиндүүлүгү экенин белгиледи.

Буга чейин бул жогорку наамга мурдагы канцлерлер Конрад Аденауэр менен Гельмут Коль гана татыктуу болгон.

Аденауэр, Коль жана Меркель Германияда эң узак иштеген үч канцлер болду.



Тектеш кабарлар