Косово жарандары Евробиримдикке визасыз саякат кыла алышат

Парламенттин жалпы жыйынындагы добуш берүүдөн кийин жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

1976570
Косово жарандары Евробиримдикке визасыз саякат кыла алышат

Европарламент (ЕП) Косово паспортунун ээлерине ЕБге визасыз кирүүгө уруксат берүү чечимин бекитти.

Парламенттин жалпы жыйынындагы добуш берүүдөн кийинки жазуу түрүндөгү билдирүүдө: «Косово жарандарына Евробиримдикке, ал эми Евробиримдиктин жарандарына Косового 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин визасыз барууга уруксат берилет»,-деп маалымдалды.

Ушундайча бүтүндөй Батыш Балкан аймагы, Евробиримдиктин визасыз саякат аймагы Шенген менен визадан бошотуунун алкагына кирди.

Чечим расмий гезитте жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Визадан бошотуу Европанын Саякат маалымат жана Авторизациялоо системасы (ETIAS) иштей баштаган күндөн тартып же 2024-жылдын 1-январында күчүнө кирет.

Эгерде ETIAS 2024-жылга чейин күчүнө кирсе бул дата эске алынат.

Косово башка Батыш Балкан өлкөлөрү менен бирге 2003-жылы Грециянын Салоники шаарында өткөн Евробиримдиктин лидерлер саммитинде "потенциалдуу талапкер" өлкө деп жарыяланган.

Өлкөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялаган Сербиядан көз карандысыздыгын учурда Евробиримдиктин 5 өлкөсү, атап айтканда Греция, Румыния, Словакия, Испания жана Кипрдин Рум администрациясы тааныбайт.

Косово 2022-жылдын декабрында ЕБге мүчөлүккө расмий арыз берген.



Тектеш кабарлар