Аль-Ганнуши Тунисте кармалды

Нахда кыймылынын башкаруучу кадрларынын бири жана мурдагы тышкы иштер министри Рефик Абдусселам, Фейсбук эсебинен бөлүшүүсүндө Ганнушинин үйүндөгү тинтүүдөн кийин кармалганын жарыялады.

1976401
Аль-Ганнуши Тунисте кармалды

Тунистеги Нахда кыймылынын лидери жана парламенттин мурдагы спикери Рашид ал-Ганнушинин үйүн тинтүүгө алган коопсуздук күчтөрү тарабынан анын кармалганы билдирилди.

Нахда кыймылынын башкаруучу кадрларынын бири жана мурдагы тышкы иштер министри Рефик Абдусселам, Фейсбук эсебинен бөлүшүүсүндө Ганнушинин үйүндөгү тинтүүдөн кийин кармалганын жарыялады.

Нахда кыймылынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдөгү оппозицияга «оппозициячыл саясатчылардын укук жана эркиндиктерине каршы жасалган бузууларга жана зулумдук аракеттерге каршы бир катарда туруу» чакырыгы жасалды.

Билдирүүдө Ганнушинин кармалышы «өтө кооптуу окуя» катары айыпталып, Нахда лидеринин тез арада бошотулушу талап кылынды.

Расмий бийлик Ганнушинин кармалышы боюнча билдирүү жасай элек.

Ошол эле учурда Тунистеги Нахда кыймылынын башкы кеңсесинин коопсуздук күчтөрү тарабынан издөө иштери үчүн эвакуацияланганы билдирилди.

Нахда кыймылынын саясий кеңешчиси Рияд эш-Шуайби борбор шаар Тунистеги башкы кеңселеринде тинтүү иштери тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Шуайби өз билдирүүсүндө:«Коопсуздук күчтөрүнүн биздин Нахда кыймылынын штабына тинтүүсү партиялык ишти жана бирикме эркиндигин ачык бузуу болуп саналат. Биздин штабды коопсуздук күчтөрү издөө үчүн бир нече күнгө эвакуациялашты»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар