Дмитрий Кулеба ракеталык коргонуу системаларын интеграциялоого чакырды

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өлкөсү менен НАТО союздаштарынын Кара деңиз жана Балтика деңизиндеги аба жана ракеталык коргонуу системаларын интеграциялоого чакырды.

1975053

Украинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Кулеба Румыниянын борбор шаары Бухарестте өткөрүлгөн «Эл аралык Крым платформасынын биринчи Кара деңиз коопсуздугу конференциясына» видео конференция аркылуу катышты.

Кара деңиздин бүткүл Европанын тынчтыкта ​​жанаша жашоосунда маанилүү роль ойногондугун белгилеген Кулеба : «Украинанын жеңиши баарыбыздын жеңишибиз болот»,-деди.

Абалдардын  Балтика жана Кара деңиздеги коопсуздуктун бөлүнгүс экенин көрсөткөнүнө көңүл бурган Кулеба, Украина менен НАТО союздаштарынын  Балтика жана Кара деңиздериндеги аба жана ракеталык коргонуу системаларынын интеграцияланышына чакырды.

Эл аралык укукка сый көрсөткөн, тынчтыкты  жактаган  бардык  өлкөлөрдү Кара деңиздин кайрадан соода жана саякат максаттарында колдонулушу үчүн куралсыздандырууга чакырган Кулеба, бул максатка карай кеткен жолдун бекем болушу керектигин айтты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Кара деңиздин жээктеш мамлекеттер үчүн «кызматташтык деңизи» катары калышы керектигин белгилеп : «Кара деңиз эч качан НАТОнун деңизи болбойт»,-деди.

Тектеш кабарлар