Кытайда куш тумоосу жуккан бир киши каза болду

Кытай Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна куш тумоосунун A (H3N8) түрү жуккан бир кишинин каза болгондугун билдирди.

1973743
Кытайда куш тумоосу жуккан бир киши каза болду

Кытай Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна куш тумоосунун A (H3N8) түрү жуккан бир кишинин каза болгондугун билдирди.

ДССУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Кытай улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы 27 -  мартта бир кишиде A (H3N8) вирусунун аныкталгандыгын билдирди.

Ушул  күнгө чейин 3 адам A (H3N8) инфекциясын жугузуп, бейтаптардын баары Кытайда катталууда.

Кытайда куш тумоосун жуктуруп алганы айтылган бейтаптын Гуандун провинциясында жашаган 56 жаштагы аял экени айтылды.

Аталган адам 22-февралда бул илдетти жуктуруп, катуу пневмониядан улам 3-мартта ооруканага жаткырылган жана 16-мартта каза болгон.

Жаңы катталган бейтап боюнча эпидемиологиялык изилдөө жана жакын байланышта издөө иштери жүргүзүлүп, инфекция жуккан адам менен байланышта болгондордон башка учур табылган жок.

Бул вирустун адамдан адамга оңой жайылуу өзгөчөлүгүнүн жок экендиги жана ушул себептен эл арасында улуттук, аймактык жана эл аралык жайылуу коркунучу төмөн экендиги ойлонулууда.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы куш тумоосунун А (H3N8) түрүнүн адамда биринчи инфекциясынын аныкталганын 2022-жылдын апрель айында жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар