Канададан Орусияга санкция
Канаданын премьер-министр Жастин Трюдо менен Украинанын премьер-министри Денис Шмихал Канаданын Торонто шаарында жолугушту.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Канаданын орусиялык 14 кишиге жана 34 уюмга санкция киргизерин жана Украинага жаңы аскердик колдоо пакетин камсыздай тургандарын билдирди.
Канаданын премьер-министр Жастин Трюдо менен Украинанын премьер-министри Денис Шмихал Канаданын Торонто шаарында жолугушту.
Жолугушуудан кийин премьер-министр Трюдо, Украинага басып киришинен улам Орусияга жаңы санкциялардын киргизиле турганын жана Украинага жаңы аскердик колдоо пакетинин берилерин билдирди.
Канаданын Украинага 21 миң автомат, 38 пулемет жана 2,4 миллион патрон жөнөтө турганын белгилеген Трюдо, орус жалданма фирмасы Вагнер менен байланышы бар 14 киши жана 34 уюмга санкция сала тургандарын айтты.
Украинага ар түрдүү колдоолорду берүүнү уланта тургандарын баса белгилеген Трюдо, Канаданын ошондой эле Орусиянын санкцияларды бузушуна шарт түзгөн Беларустагы 9 каржы мекемесине санкция киргизгенин жарыялады.
Канада 2022-жылдын январь айынан бери Украинага каржылык, аскерий, гуманитардык жана берки жардамдардын алкагында 8 миллиард доллардан ашык жардам убада кылды.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.