Орусия-Украина согушуна чечүүчү жолдор изделүүдө

Кнайсль: «Орусия менен Украинанын ортосундагы ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрү Түркияда өтүшү мүмкүн»

1972786
Орусия-Украина согушуна чечүүчү жолдор изделүүдө

Орусия-Украина согушуна чечүүчү жолдор изделүүдө. Бул жагынан тез-тез алдыңкы планга чыккан өлкө болсо Түркия.

Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсль да ушундай пикирде. Швейцария менен Австриянын эми бейтараптыгын жоготкондугун белгилеген Кнайсль: «Орусия менен Украинанын ортосундагы ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрү Түркияда өтүшү мүмкүн»,-деди.

Украинанын чыгышы 14 айга жакын убакыттан бери аткыланып жатат. Орусия мыйзамсыз аннексияланган аймактарга көзөмөлдү сактап калууга аракет кылууда.

Экинчи жагынан, эки өлкөнүн ортосунда туткун аскерлерди алмашуу болду. 106 орус аскери жана 100 украин аскери бошотулду. Орусия тарабынан мыйзамсыз кармалып турган 24 украиналык баланын Херсонго алып келингени айтылды.

АКШ да Орусияда камакка алынган америкалык кабарчыга байланыштуу билдирүү жасады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Эван Гершковичтин Орусия тарабынан негизсиз камакка алынганы боюнча чечим чыгарды»,- деп айтылды.

Ал арада Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен болгон жолугушуусунда ыктымалдуу коркунучтарга токтолду. Орусиядан Беларустун аймагына коркунуч туудурбоо үчүн кепилдик сурады.

Лукашенко: «Мындай кырдаалда Белоруссияны өз жериңиздей коргошуңуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар