Британияда врачтардын эң орчундуу иш таштоосу

Улуу Британияда жалпы практикалык дарыгерлер өкмөт менен маяна боюнча талаш-тартыштан улам иш таштоону улантышууда.

1972891
Британияда врачтардын эң орчундуу иш таштоосу

Улуу Британияда жалпы практикалык дарыгерлер өкмөт менен маяна боюнча талаш-тартыштан улам 4 күндүк иш таштоону улантышууда.

Иш таштоо Улуттук саламаттык сактоо системасына чоң терс таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Британ медициналык ассоциациясынын (BMA) мүчөлөрү катышуучу бүгүн баштала турган иш таштоодон улам чейрек миллиондон ашык кезекке жазылуунун жана операциялардын токтотулушу күтүлүүдө.

Кээ бир ооруканалар пландаштырылган дарылоонун жарымына чейин таасир алышы мүмкүн деп билдиришүүдө.

BMA дарыгерлер өмүргө коркунуч туудурган кырдаалда кызмат көрсөтө турганын жарыялады.

Айлыктын жетишсиздигинен улам жана бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш таштаган дарыгерлер азыркы маянанын деңгээли жумушка кабыл алууга таасирин тийгизип жатканын жана көптөгөн дарыгерлердин кесибин ушул себептен таштаганын белгилешүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Стив Барклай болсо уюштуруучуларды талап күчөп турган Пасха майрамынын дароо артынан иш таштоону пландаганы менен айыптады.

Айлык сүйлөшүүлөрүнө көңүлдөрдү бурган Барклай, маянаны 35 пайызга жогорулатуу талабынын «акылга сыйбас» экенин айтты.



Тектеш кабарлар