АКШда куралдуу кол салуу болду
Луисвилл полиция департаменти Твиттердеги билдирүүсүндө кол салууну тастыктады.
АКШнын Кентукки штатынын Луисвилл шаарында болгон куралдуу кол салууда алгачкы аныктамалар боюнча 5 киши каза болуп, 6 киши жараланды жана кол салуучунун таасирсиз абалга келгени жарыяланды.
Луисвилл полиция департаменти Твиттердеги билдирүүсүндө кол салууну тастыктап, «Аймактан алыс болуңуз. Окуя болгон жерге FBI агенттери барышты»,- деп эскертти.
Ал арада 625 миң адам жашаган шаардын борборундагы банктын жанынан полиция адамдарды алып кетип жатканы байкалды.
Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир кол салуудан кийин аймакка барды.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.