Мексикада жоголгон АКШ жаранынын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон америкалык жарандын сөөгү Мексиканын Төмөнкү Калифорния жарым аралындагы мүрзөдөн табылды.

1970906
Мексикада жоголгон АКШ жаранынын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон америкалык жарандын сөөгү Мексиканын Төмөнкү Калифорния жарым аралындагы мүрзөдөн табылды.

Бажа Калифорния Сур штатынын прокурорлору 11-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан Вилмер Триветттин сөөгү жашыруун мүрзөдөн табылганын жарыялады.

Прокурорлор 23-февралда өрттөлгөн кербени менен аймакта чатыр курагндыгы белгиленген  Триветтин бир канча убакыт мурда эки киши менен жол кырсыгына кабылганын жарыялашты.

Мамлекеттик айыптоочу Даниел де ла Роза кылмыштын  бул жол кырсыгына байланыштуу чырдан улам киши өлтүрүү болгонун ойлогондорун айтып, окуя тууралуу эки шектүүнүн камакка алынгандыгын билдирди.

Де ла Розанын айтымында, Триветтин чыгым же жаралануу үчүн болжол менен 2500 доллар төлөгөн бул адамдардын төлөнгөн сумманы жетерсиз көргөндүктөн бул кылмышты кылгандарынан шектенип жаткандарын белгиледи.

Окуя тууралуу теригөө иши улантылууда.

 



Тектеш кабарлар