Мария Захарова актуалдуу темалар бюнча маалымат берди

Росиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Франциянын башка өлкөлөрдү коркутуу укугунун жок экендигин айтты.

1970909
Мария Захарова актуалдуу темалар бюнча маалымат берди

Росиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Франциянын башка өлкөлөрдү коркутуу укугунун жок экендигин айтты.

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн жумалык пресс  - жыйынында актуалдуу темаларга байланыштуу маалыматтарды берди.

Мария Захарова Франциянын президенти Эммануэль Макрондун  «Россияга жардам бере турган өлкөлөр Россиянын кылмыш өнөктөшү катары кабыл алынат» деген билдирүүсүнө жооп кайтарып : «Өлкөбүзгө жардам берүү жана өлкөбүз менен карым  - катнашта болуу, кызматташтык түзүү ниетинде болгон өлкөлөргө карата коркутуу ачыкча шантаж. Эгемендүү өлкөлөр менен мындай сүйлөшүү укугу ким тарабынан берилгендигин түшүнүү мүмкүн эмес. Эч кимдин мындай нерсеге акысы жок. Оболу өзүнүн эгемендүү, көз карандысыз саясатын ишке ашырууну, улуттук кызыкчылытарын коргогонду билишсин»,- деди.

Захарова Британиянын Украинага күчсүздөндүрүлгөн  уран кошулган ок  - дары берүү тууралуу пландарына байланыштуу : «Мындай жоопкерчиликсиз кадамды таштабашы үчүн колубуздан келгенди аткарабыз»,- деди.

Россиянын Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу маселесине да токтолгон Захарова Россия менен Беларустун тыштан келе турган коркунучтарга каршы биргелешкен коргонуу аянтын курушкандарын айтты.

Захарова : «Беларусь менен өзөктүк тармак менен бирге аскердик кызматташуу Россия Федерациясынын учурдагы бардык эл аралык укуктук милдеттенмелерине ылайык. Алдыда таштала турган кадамдар аскердик стратегиялык  абалдын өнүгүшүнө шайкеш келет. Бул этапта учурдагы абал тилекке каршы начарлоону улантууда. Мунун себеби АКШ жана НАТО союздаштарынын саясаты жана белгилүү аракеттери»,- деди.

Батыштык өлкөлөрдүн кагылышууларды узартуу үчүн Украинага курал берүүнү улантып жаткандыгын айткан Захарова АКШнын Украинага 2,6 миллиард долларлык жаңы аскердик жардам берерине көңүлдөрдү бурду.

Захарова муну менен бирдикте АКШнын согуштун башталышынан бери Украинага берген аскердик жардамдын 35 миллиард доллардан ашарын белгилеп : «Бул бир гана АКШнын берген жардамы. АКШ, Британия, Германия, Франция жана Канада менен бирге Испания, Нидерландия, Норвегия, Дания, Польша, Португалия, Финляндия, Швейцария аскердик жардам берди же жардам берүүнү пландап жатат. Бул өлкөлөрдүн бир нечеси мындан мурда өлкөбүз менен согушууга араке кылды»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар