Германияда COVID-19 эпидемиясынын аяктаганы жарыяланды

Германияда 7-апрелде (эртең) маска талабы толугу менен аяктайт.

1970781
Германияда COVID-19 эпидемиясынын аяктаганы жарыяланды

Германиянын саламаттыкты сактоо министри Карл Лаутербах, өлкөсүндө Ковид-19 эпидемиясынын аяктаганын билдирди.

Лаутербах өз билдирүүсүндө, Ковид-19 варианттарынын, вакциналардын жана дагы деле уланып жаткан клиникалык учурлардын абалы боюнча эпидемиянын аяктаганын айтты.

Германиянын Ковид-19 эпидемиясын ийгиликтүү жеңгенин белгилеген Лаутербах, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын туура чечим болгонун маалымдады.

Германияда 7-апрелде (эртең) маска талабы толугу менен аяктайт.



Тектеш кабарлар