Финляндияда өкмөт оставкага кетти

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин өкмөттүн отставкасын Финляндиянын президенти Саули Ниинистого тапшырды.

1970972
Финляндияда өкмөт оставкага кетти

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин өкмөттүн отставкасын Финляндиянын президенти Саули Ниинистого тапшырды.

Финляндия өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Ниинистё Мариндин кызматтан кетүүсүн кабыл алып, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин мурдагы өкмөттүн убактылуу ишин улантуусун суранды.

Билдирүүдө Убактылуу өкмөттүн күнүмдүк иштер жана кечиктирилгис маселелер менен алектене тургандыгы маалымдалды.

Финляндияда жалпы шайлоодо консервативдүү Улуттук коалиция партиясы 20,8 пайыз менен алдыга чыгып, Чыныгы финдер партиясы 20,1 пайыз жана Марин жетектеген Социал-демократиялык партия 19,9 пайыз добуш алды.

Финляндияда лидер катары шайлоону аяктаган партияга өкмөттү түзүү милдети берилет. Өлкөнү башкаруу үчүн 200 орундуу парламентте 100дөн ашык депутаттан турган коалиция түзүлүшү керек.

2019-жылдагы шайлоону алдыңкы үч орунда жыйынтыктаган партиялар  Социал-демократиялык партия, Чыныгы финдер партиясы жана Улуттук коалиция партиясы болду.



Тектеш кабарлар