Песков: "Финляндиянын НАТОго кошулушу Орусия үчүн коркунуч"

Финляндия Швеция менен НАТОго мүчө болуу үчүн 2022-жылдын 18-майында арыз берген.

1970452
Песков: "Финляндиянын НАТОго кошулушу Орусия үчүн коркунуч"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Финляндиянын НАТОго кошулушунун Орусия үчүн коркунуч жаратканын айтты.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнүн Орусия үчүн коркунуч экенин баса белгилеп: «Албетте, бул Европа континентинде стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана алдын ала айтууну чыңдоого салым кошпогон окуя. Бул бизге кошумча коркунуч жаратат жана коопсуздуктун бардык системасын кайрадан тең салмактоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө мажбурлайт. Бул бир аз убакытты талап кылат, анткени бир жолку иш эмес. Бул узакка созулат бирок биздин коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн зарыл болгондун баары жасалат»,-деди.

Финляндия Швеция менен НАТОго мүчө болуу үчүн 2022-жылдын 18-майында арыз берген.

2022-жылдын 28-30-июнунда өткөрүлгөн Мадрид саммитинде Түркия Финляндия менен Швециянын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Саммитте эки өлкө НАТОго мүчө болууга чакырылган.

Саммиттен кийин НАТО өлкөлөрүнүн көбү эки өлкөнүн мүчөлүгүн бекитүү процессин баштаган.

НАТОнун 20 өлкөсү июль айында, 4ү август айында, 4ү сентябрда өз парламенттеринде ратификациялоо процессин аяктаган.

27-мартта болсо Венгриянын парламенти Финляндиянын мүчөлүгүн бекиткен.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында да 30-мартта кабыл алынган.

Расмий процедура аяктагандан кийин Финляндия 2023-жылдын 4-апрелинде НАТОнун негизделгенинин 74 жылдыгында расмий түрдө альянска мүчө болду.



Тектеш кабарлар