Нидерландияда сот Схипхол аэропорту боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышын токтотту

Бул тууралуу Харлем шаарындагы соттун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жарыяланды.

1970441
Нидерландияда сот Схипхол аэропорту боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышын токтотту

Нидерландияда сот Амстердам Схипхол аэропортунан жылдык каттам санын 500 миңден 460 миңге кыскарткан өкмөттүн токтомунун аткарылышын токтотту.

Харлем шаарындагы соттун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өкмөттүн көмүр кычкыл газын жана ызы-чууну булганышын азайтуу аракеттери менен Схипхол аэропортунан келерки жылы жасала турган каттам санын 500 миңден 460 миңге түшүргөн чечимдин аткарылышынын токтотулганы белгиленди.

Нидерландиянын королдук аба жолдору (KLM) баштаган авиакомпаниялар жана жарандык авиация мекемелери тарабынан доо коюлганы белгиленген билдирүүдө, өкмөттүн керектүү процедуралык эрежелерди сактабастан чектөөсү чечимдин себеби катары көрсөтүлдү.

Чечимге байланыштуу билдирүүсүндө KLM: «Жүргүнчүлөрдүн учуу муктаждыктарын канааттандыруу жана көмүртектин эмиссиясын жана ызы-чуу булганышын азайтуу үчүн дагы жакшы альтернатива даярдап жатабыз»,-деди. KLM бул планды иштин кийинки баскычтарында сотко берери айтылды.

Чектөө чечимин чыгарган Инфраструктура жана суу чарба министрлигинин билдирүүсүндө, «Биз айлана-чөйрөнүн, шаардын тургундарынын жана аэропорттун экономикалык маанисинин ортосунда жаңы балансты түзүүгө аракет кылып жатабыз», - деп айтылат соттун чечимине байланыштуу.

Амстердам Схипхол аэропорту тарабынан кечээ жасалган билдирүүдө; Тынч, таза жана жакшыраак аба транспорту үчүн 2025-жылдан тарта учактардын саат 00.00-06.00 учуп, 00.00-05.00 конуусуна уруксат берилбей турганы, көп ызы-чуу чыгарган жеке учактар ​​менен учак моделдерине да Схипхол аэропортун колдонууга тыюу салынары белгиленди.



Тектеш кабарлар