G-7нин соода министрлеринин кызматташтыгы
G-7 соода министрлери онлайн жыйындан кийин биргелешкен билдирүү жасашты.
G-7нин соода министрлери, алдыңкы технологиялардын экспортун көзөмөлдөөдө кызматташууну жактай тургандыктарын билдиришти.
Чоң жетиге кирген өлкөлөрдүн соода министрлери онлайн жыйындан кийин биргелешкен билдирүү жасашты. Билдирүүгө ылайык, министрлер алдыңкы технологияларга экспорттук көзөмөлдү ишке ашырууда кызматташууга убада беришти.
Микроэлектроника жана киберкөзөмөл системалары сыяктуу “критикалык жана өнүгүп келе жаткан технологиялардын” зыяндуу актерлор тарабынан колдонулушуна жол бербөө үчүн кызматташтык түзүлөт.
Кезектешкен төрага Япониянын кожоюндугунда G-7 лидерлеринин саммити май айында Хиросимада өтөт.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.