Песков: "Финляндияга каршы чара көрөбүз"

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө сереп салды.

1969713
Песков: "Финляндияга каршы чара көрөбүз"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Финляндиянын НАТОго кошулушунун учурдагы чыңалууну арттыра турганын белгилеп: «Өз коопсуздугубузду тактикалык жана стратегиялык жактан камсыз кылуу үчүн каршы чараларды көрөбүз»,-деди.

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө сереп салды.

НАТОнун кеңейүүсүн Орусиянын кызыкчылыктары жана коопсуздугу жагынан тескери карагандарына көңүл бурган Песков: «Мунун азыркы чыңалууну дагы да арттыраарына ишенебиз. НАТО көп жагынан Орусияга душмандык кылган уюм бойдон калууда»,-деп айтты.

Орусиянын Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу ар кандай кадамдарды таштай турганын баса белгилеген Песков: «Өз коопсуздугубузду тактикалык жана стратегиялык жактан камсыз кылуу үчүн каршы чараларды көрөбүз. Бул чаралар биз каалагандай көрүлөт»,-деди.

Песков НАТОнун инфраструктурасын жана курал-жарактарын Финляндияга жайгаштыруу процессин жакындан байкай тургандарын баса белгиледи.

Украинанын ыктымалдуу НАТОго мүчөлүгү менен Финляндиянын ортосунда маанилүү айырмачылыктар бар экенине көңүл бурган Песков, эки өлкөнүн ортосундагы абалды салыштыруунун мүмкүн эмес экенин билдирди.



Тектеш кабарлар