Британия ТикТокко 12,7 миллион фунт стерлинг айып салды
2020-жылы өлкөдө 13 жашка чейинки 1,4 миллион баланын эрежелерге каршы келгенине карабастан TikTokту колдонгону айтылды.
Британияда Tiktok социалдык медиа платформасы ар кандай себептерден улам, анын ичинде балдардын маалыматтарын туура эмес пайдалангандыгы үчүн 12,7 миллион фунт стерлинг (болжол менен 15,9 миллион доллар) айыпка жыгылды.
Улуу Британиянын Маалымат комиссиясынын кеңсесинин (ICO) билдирүүсүндө, 2020-жылы өлкөдө 13 жашка чейинки 1,4 миллион баланын эрежелерге каршы келгенине карабастан TikTokту колдонгону айтылды.
13 жашка чыга элек балдардын жеке маалыматтары ата-энесинин макулдугусуз колдонулгандыгы белгиленген билдирүүдө, «ТикТок, платформаны ким колдонгону боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн жок жана 13 жашка чейинки балдарды алыстатуу үчүн керектүү чараларды көргөн жок»,-деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө ICOнун иликтөөсү компаниянын кээ бир жогорку кызматтагы кызматкерлеринин 13 жашка чейинки балдардын платформаны колдонуусу жана мындан алыстатылышы темасында тынчсызданууларынын бар экенин аныктаганы менен TikTokтун жетиштүү жооп бере албаганы айтылды.
Билдирүүдө, иликтөөнүн жыйынтыгында Тиктокко 12,7 миллион фунт стерлинг айып пул салуу чечими чыгарылганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.