Орусия Финляндиянын НАТОго кошулуусуна каршы аскердик потенциалын күчтөндүрөт

Грушко орус Риа маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө, Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө сереп салды.

1969207
Орусия Финляндиянын НАТОго кошулуусуна каршы аскердик потенциалын күчтөндүрөт

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко, Финляндиянын НАТОго кошулуусуна каршы батыш жана түндүк-батыш багытында аскердик потенциалын күчтөндүрө тургандарын билдирди.

Грушко орус Риа маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө, Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө сереп салды.

Орусиянын буга каршы керектүү кадамдарды жасай турганын белгилеген Грушко: «Биз батыш жана түндүк-батыш багытында аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз. Эгерде НАТОнун башка мүчөлөрүнө таандык аскердик күчтөр жана унаалар Финляндияга жайгаштырылса,  Орусиянын аскердик коопсуздугун бекем түрдө камсыз кылуу үчүн кошумча кадамдарды таштайбыз»,- деди.

2022-жылдын май айында НАТОго мүчөлүккө кайрылган Финляндиянын кошулуу протоколдорун Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын бекитүүсү менен НАТОнун 30 өлкөсүндө бекитүү процесстери аяктаган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, эртең Финляндиянын 31-мүчө катары жарыялана турганын жана анын желеги НАТОнун штаб-квартирасында илине турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар