Финляндия эртең НАТОнун 31-мүчөсү болуп жарыяланат

Столтенберг НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында пресс-конференция өткөрдү.

1969129
Финляндия эртең НАТОнун 31-мүчөсү болуп жарыяланат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, эртең Финляндиянын 31-мүчө катары жарыялана турганын жана анын желегинин НАТОнун штаб-квартирасында илинерин билдирди.

Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында 4-5-апрелде боло турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында пресс-конференция өткөрдү.

Жыйындын биринчи күнүндө Финляндиянын 31-мүчө катары жарыяланып, желеги НАТОнун башкы кеңсесине илине турганын белгилеген Столтенберг, мунун аталган өлкөнү коопсуз жана альянсты дагы күчтүү кылаарын баса белгиледи.

Столтенберг Швециянын да мүчөлүк процессинин мүмкүн болушунча тезирээк бүтүшүн каалады.

2022-жылдын июнь айында өткөрүлгөн Мадрид саммитинен кийин дароо НАТО өлкөлөрүнүн көбү эки өлкөнүн мүчөлүгүн бекитүү процессин баштаган.

НАТОнун 20 өлкөсү июль айында, 4ү август айында, 4ү да сентябрда өз парламенттеринде ратификациялоо процессин аяктаган.

Ал эми Венгриянын парламенти 27-мартта Финляндиянын мүчөлүгүн бекиткен. Түркия Улуу Улуттук Жыйынында да 30-мартта кабыл алынган.

Ошентип, Финляндиянын НАТОго кирүү процесси бир жылга жетпеген убакыттын ичинде аяктап, альянстын 74 жылдык тарыхындагы эң тез бүткөн мүчөлүк процесстеринин бири болду.



Тектеш кабарлар