Колумбия Невадо-дель-Руис жанар тоосунда атылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти

Колумбиянын геологиялык кызматынын (SGC) билдирүүсүндө Калдас административдик аймагына кирген Манисалестеги жанар тоодо кечээ гана 9600 силкинүү катталганы билдирилди.

1968631
Колумбия Невадо-дель-Руис жанар тоосунда атылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти

Адистер Колумбиянын Невадо-дель-Руис вулканындагы жанар тоонун активдүүлүгүнөн улам атылып кетүү коркунучу бар экенин эскертишти.

Колумбиянын геологиялык кызматынын (SGC) билдирүүсүндө Калдас административдик аймагына кирген Манисалестеги жанар тоодо кечээ гана 9600 силкинүү катталганы билдирилди.

Адистер бийликтен вулканда болушу мүмкүн болгон жарылуу коркунучуна каршы кызгылт сары сигналга өтүүнү суранышты.

Колумбиянын геологиялык кызматы Невадо-дель-Руис вулканынын түтүн жана күл бүрккөнүн, эгер ал атылып кетсе, вулкандын реакциясы катуу болот деп эскертти.

Сөз болуп жаткан вулкандык активдүүлүк улана турган болсо, өлкөдөгү учуу иш-аракеттери үзгүлтүккө учурай турганын эске салган Колумбиянын геологиялык кызматынын (SGC), бул абалдын борбор шаар Богота да болгон көптөгөн аймактарга таасир этээрин белгиледи.



Тектеш кабарлар