Финляндиянын мүчөлүгүнүн Түркия тарабынан кабыл алынышы боюнча билдирүүлөр

Финляндиянын Түндүк Атлантика КелишимиНАТОго кошулушуна байланыштуу протоколду бекитүү сунушу Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында кабыл алынды.

1967803
Финляндиянын мүчөлүгүнүн Түркия тарабынан  кабыл алынышы боюнча билдирүүлөр

Финляндиянын Түндүк Атлантика Келишими НАТОго кошулушуна байланыштуу протоколду бекитүү сунушу Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында кабыл алынды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг мыйзам долбоорунун Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынышын кубаттаганын билдирди. Бул тууралуу Столтенберг социалдык тармактагы баракчасынан билдирип : «Бул НАТОнун үй- бүлөсүн күчтүү жана коопсуз кылат»,- деди.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё да Твиттеринден НАТОнун 30 мүчөсү Финляндиянын мүчөлүгүн жактырганын билдирди.

Ниинистё бардык өлкөлөргө ишеним жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип :"Финляндия күчтүү жана жөндөмдүү союздаш болот, НАТОнун коопсуздугун камсыз кылат. Финляндия азыр НАТОго кошулууга даяр. Швециянын да мүмкүн болушунча тезирээк бизге кошулушун чыдамсыздык менен күтөбүз",- деди.

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин да Твиттер баракчасында бардык өлкөлөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз союздаш катары өз ара коопсуздукту камсыздайбыз жана бири-бирибизди коргойбуз. Финляндия азыр жана келечекте Швециянын жанында жана анын кайрылуусун колдойт",- деди Санна Марин.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги да Твиттер эсебинен НАТОго мүчөлүк процесси тууралуу бөлүшүп : "Рахмат! Биз Түркиянын Улуу Улуттук Парламентине Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколун бекитүү чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз",- деди.

 



Тектеш кабарлар