Марбург вирусуна каршы 4 вакцина сыноо протоколдору үчүн даяр

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Марбург вирусуна каршы 4 вакцинанын сыноо протоколдору даяр экендигин билдирди.

1967460
Марбург вирусуна каршы 4 вакцина сыноо протоколдору үчүн даяр

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Марбург вирусуна каршы 4 вакцинанын сыноо протоколдору даяр экендигин билдирди.

Гебрейесус ДССУнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн жумалык маалымат жыйынында, ДССУнун комитети ушул кезге чейин Марбург вирусуна байланыштуу 4 вакцинанын далилдерин изилдегендигин айтып : «Вакциналар үчүн сыноо протоколдору даяр жана  өнөктөштөрүбүз сыноолорду колдоого даяр»,- деди.

Гебрейесус Марбург эпидемиясында бейтаптарды жана өлүмдөрдү алдын алууга жардам берүү үчүн бул сынолорду «мүмкүн болгон эң кыска убакытта» баштоо үчүн Экватор Гвинеясы жана Танзания өмөттөрү менен иштешүүнү күтүп жатышкандарын да белгиледи.

Экатор Гвинеясында расмий түрдө Марбург вирусун жуктурган 9 бейтапын билдирилгендигин жана вирустан улам 7 кишинин каза болгондугун айткан Гебрейесус вирустун өлкөнүн үч башка провинциясында байкалганына көңүлдөрдү бурду.

"Бирок, бул үч провинция бири-биринен 150 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан, бул вирустун канчалык кеңири жайылгандыгын көрсөтүүдө",- деди Гебрейесус.

ДССУнун Марбург бейтаптары  тууралуу кабарынын бар экенин белгилеген Гебрейесус өкмөттөн бул тууралуу ДССУга расмий түрдө билдирүүсүн талап кылды.

Гебрейесус Танзанияда 8 кишинин Марбург вирусуна кабылганын, алардын 5инин каза болгонун жана 3 бейтаптын дарыланып жатканын айтты.

Танзанияда ушул кезге чейин билдирилген бейтаптардын бир аймакта экендигин айткан Гебрейесус : «Бирок жаныбарлардын жана планетабыздын саламаттыгын коргой турган болсок, адамдын саламаттыгын да коргой алабыз. Марбург эпидемиясы муну дагы бир жолу эске салды»,- деди.

Танзания алгачкы Марбург бейтабын 21 -  мартта ырастаса, Экватор Гвинеясында болсо биринчи жолу 14 -  февралда аныкталды.

Мөмө-жемиш жарганаттары аркылуу жугуучу Марбург вирусу дене суюктугу аркылуу же оорулуу адамдар менен байланышта болгондо адамдарга жугат. Бейтаптарда дене табынын көтөрүлүшү, баштын катуу оорушу, алсыздык, кусуу сыяктуу белгилер күтүлбөгөн жерден чыгып, 7 күндүн ичинде көптөгөн бейтаптарда катуу геморрагиялык симптомдор пайда болот.

Марбург вирусуна каршы вакцина же атайын дарылоо жок жана өлүм катнашы 90 пайызга чейин жетиши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар