Колумбияда аба жолу компаниясы операцияларын токтотту

Ultra Air сектордо терс макроэкономикалык шарттар бар экенин айтып, ички каттамдарын токтотконун жарыялады.

1967574
Колумбияда аба жолу компаниясы операцияларын токтотту

Колумбияда "Ultra Air" авиакомпаниясы каржылык көйгөйлөрдү негиз катары көрсөтүп, өлкөдөгү бардык операцияларын токтотконун жарыялады.

Колумбиядагы башка авиакомпанияларга караганда арзан билеттерди сатуу менен белгилүү болгон Ultra Air сектордо терс макроэкономикалык шарттар бар экенин айтып, ички каттамдарын токтотконун жарыялады.

Көбөйгөн чыгымдарга көңүл бурган компания билдирүүсүндө : «Күйүүчү май баасы жана валюта курсунун жогорулашы сыяктуу терс макроэкономикалык шарттар аба жолдорунун чыгымдарынын олуттуу өсүшүнө алып келди»,- билдирилди.

Өлкөдө бир жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жаткан компаниянын бул мезгилде 2 миллиондон ашык жүргүнчү ташыгандыгы, 1200 кызматкеринин бар экендиги жана авиакомпания рыногунун 8 пайызын ээлегени ортого салынды.

Бул чечимдин  Чилиде жайгашкан америкалык Indigo Partners инвестициялык фонду тарабынан көзөмөлгө алынган JetSmartтын Ultra Airди сатып алуудан баш тартуусунан кийин чыгарылгандыгы айтылууда.

Өлкөдө акыркы жолу 1-мартта Viva Air авиакомпаниясы экономикалык кризисти негиз катары көрсөтүп, ар кандай улуттук жана эл аралык багыттар боюнча ишин токтотконун жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар