Польша Украинадан дандын киришин чектөөнү пландап жатат
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий украин данынын Польшага киришине чектөө киргизүүнү пландап жатканын билдирди.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий украин данынын Польшага киришине чектөө киргизүүнү пландап жатканын билдирди.
Моравецкий премьер-министрликте жасаган билдирүүсүндө өлкөнүн айыл чарба секторуна байланыштуу кээ бир маселелерден кабардар экендиктерин белгиледи.
Моравецкий Польшанын айыл чарба министри Генрик Ковальчик менен өлкөдөгү дан проблемасы жөнүндө сүлөшкөндүгүн билдирип : «Ковальчикке Украина данынын биздин өлкөгө тийгизген таасирин чектөө үчүн Польшада топтолгон эгинди жөнөтүп, Африкага же Жакынкы Чыгышка сатууну тапшырдым»,- деди.
Украинадан келген, бирок кампаларда калган дандын Польша базарын туруксуздаштырганын баса белгилеген Моравецки, Украина данынын Польшага киришин чектеген эрежелерди киргизүүнү пландагандарын баса белгиледи.
Польшанын премьер-министри Моравецки буга чейин Европа Биримдигин Украинадан импорттолгон эгинди Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнө жөнөтүү убадасын аткарбаганы үчүн сындаган.
Украинадан импорттолгон дандын бир бөлүгү Украинага кошуңшу өлкөлөрдө, анын ичинде Польшада калууда, дыйкандар кампалардын толгондугунан жана баанын төмөндөшүнөн улам эгиндерин сата албай кыйналып жатышканына нааразы.
Тектеш кабарлар
Европада газ баалары жогорулоодо
Баалардын жогорулашында орус газын өткөрүүнү токтотуу таасирдүү болду.