АКШда куралдардан каза болгондор
Өлкөдөгү куралдуу зомбулук окуяларын архивдеген Gun Violance Archive (GVA) жыл башынан бери куралдуу зомбулуктан каза болгондордун санын 10 миң 2 деп билдирди.
АКШда куралдуу кол салуулар үстүбүздөгү жылдын биринчи чейреги бүтө электе 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.
Өлкөдөгү куралдуу зомбулук окуяларын архивдеген Gun Violance Archive (GVA) жыл башынан бери куралдуу зомбулуктан каза болгондордун санын 10 миң 2 деп билдирди.
GVAнын сайтындагы маалыматка караганда, өз жанын кыюуда колдонулган куралдан 5 миң 742 адам каза болуп, киши өлтүрүү максатында же кокустуктан атылган октон 4 миң 260 адамдын каза тапканы, 7 миң 519 адамдын да жарадар болгону кабарланды.
Ушул эле окуяларда 0-11, 59 жана 12-17 жаштагы 345 баланын куралдын огунан каза тапканы катталды.
АКШнын президенти Жо Байден Теннесси штатынын Нашвилл шаарында 6 кишинин, анын ичинде 3 баланын өмүрүн алган мектептеги атышуудан кийин кол салуучу куралдардын сатылышына тыюу сала турган мыйзамдын жоктугунан Америка Конгрессин жооптуу деп күнөөлөдү.
Байден: «Конгресстен чара көрүшүн суранбай коё албайм. Конгресс буга чара көрүшү керек»,- деп айтты.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.